Хронология папкасы

К.Орозов атындагы Корумду орто мектебинде 2020-жылдын 4-мартында башталгыч класстардын "Биз жашаган жердин жаратылышы" деген темадагы семинары болуп өттү. Семинардын максаты мекенибиздин жаратылышы: суулары, көлмөлөрү, кызыл китепке кирген канаттуулары жана жаныбарлары жөнүндө маалымат берүү .семинарды өтүү менен окуучулардын табиятка болгон кызыгуусун арттыруу,окуу,түшүнүү ,жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү, мекенибиздин жаратылышын көздүн карегиндей сактоого ,коргоого үндөө.Семинарда Алдеева Жыпар 4-а класс,Байдөлөтова Гүлнара 2-а класс,Кудабаева Майрам 3-а класс сабак өтүштү. Сабакта куррикулум боюнча баалоонун түрлөрү,топто иштөө, көргөзмө куралдар,сүрөттөр,слайд көрсөтүлдү. Мугалимдер чыгармачылык менен өтүштү жана окуучулар топто иштөөдө активдүү катышышты. Семинарда

башталгыч класстын куррикулум боюнча баалоонун түрлөрү багытындагы өтүлгөн семинардагы сабактар максатына жетти жана жакшы деп табылды. Сабактарда көрсөтүлгөн дидактикалык көргөзмө куралдар ,эстетикалык жактан жогорку деңгээлде даярдалды деп табылды. .Семинарда ачык сабак өткөн Кудабаева Майрамга ,Байдөлөтова Гүлнарга ,Алдеева Жыпарга жана башталгыч класстын метод бирикмесинин жетекчиси Абдраева Рахатка ыраазычылык билдирилди.

Башталгыч классынын мугалими

Рыспекова Алтынайдын окуу керемет долбоору боюнча ачык сабак отуудо -3-бкласс

Сабактын темасы : Кыргызстандын токойлору

Башталгыч классынын мугалими

Абдраева Рахат окуу керемет долбоору боюнча ачык сабак отуудо Темасы: Жапайы канаттуулар

Башталгыч классынын мугалими

Чынгызова Наргиза окуу керемет долбоору боюнча ачык сабак отуудо Темасы: Айбанаттар талашы

9.03.2021-жыл 1а-классынын жана 1б -классынын Алиппе майрамы болуп оттуу.

К.Орозов мектебинде ишембилик отту. 150 туп алма, орук тигилген Окуучулар жана мугалимдер кам коруудо

23.04.2021-ж К.Орозов мектебинде 10-11-класстар арасында Акыл -Ордо таймашы отулду.